Бишкектин коомдук транспортунда электрондук билет системасы январь айынан тарта ишке кирет

Мезгил

Бишкектин коомдук транспортунда электрондук билет системасы кийинки жылдын январь айында киргизилет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, шаар тургундарына анын 3 варианты сунушталат – карта, билерик жана брелок. 

Баштапкы этапта система коомдук транспортто жол кирени гана төлөөгө мүмкүнчүлүк берсе, кийинчирээк парковка, велосипеддер ижарасын жана театр, музейлерге кирүү акысын дагы төлөсө болот. Карталар почта бөлүмдөрүндө, уюлдук операторлордун кеңселеринде жана тармактык дүкөндөрдө сатылат.

Окуучуларга электрондук билеттин бир айлык баасы 175 сомго айланса, чоңдорго 495 сом.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *