Бизде оппозициянын башы тойдо биригет

    Мезгил

Бир кезде Убактылуу Өкмөттүн этегине эрмешип, 2 жылдай өлкөнүн Тышыкы иштер министрлигин жүгөндөп турган Руслан Казакбаев уулун үйлөп, дүнгүрөтө той берди. Биринчиден нукура кыргыз катары биз да Руслан мырзанын жакшылыгын тең бөлүшүп, той кут болсун деп айталы. Бирок сын көз менен караганда бул той, буга чейин бөгүп жаткан саясий күчтөрдүн башын бириктирип, көмүскөдөгүсүн ачыктап салды десек болот.

Анткени Казакбаевдин тоюна “Республика” партиясынын лидери, жакында сыртка чыгып кеткен досу Өмүрбек Бабановдун өзү келип, артист болуп ырдап берди. Аны менен бирге үн созуп “республикачылар”, Өмүрбектин жээни, Таластык – Мирлан Жээнчороев, Таластык – Кенжебек Бокоев, Таластык – той ээси Руслан Казакбаев, анан микрофон кармап, бугун ырдан чыгарган Таластын кулуну Өмүрбек Бабановдун өзү, өз курсагы менен өзү бийлеп ырдаган Максат Сабировдор, эки айым менен бирге “Мой друг” деген ырды чогуу ырдашты. Кызык жери тойго Өмүрбек Текебаев жубайы менен конокко чакырылыптыр. Ал тургай 2 Өмүрбек жубайлары менен багжайып сүрөткө да түшүптүр. Дагы бир сүрөттө Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр, 2 Өмүрбектин ортосуна куюшканга кыпчылгандай болуп кыпчыла калып сүрөткө түшө калыптыр. Бул сүрөттү карап олтуруп Атамбаев – 1 УКМКда абакта жатса, Атамбаев – 2 (Кадыр) саясий карьерасын тойдон баштап, тушоо кести кылып жаткан тура деген ой жаралды.

Саясаттагылар элге сүйлөгөндө калп эле бири-бирин чукуган болуп, атайын сценарий түз алышып, ролдорду өз ара бөлүштүрүшүп, “азыр эл алдына чыкканда мен мындай деймин”, “сен тигиндей дейсиң” деп алдын-ала сүлөшүп алышат окшойт. Ал эми тойдо жүз граммдан шыңгытып алышканда баягы элге чыкканда кийип алышчу маскаларын унутуп калышып, ачык жүздөрү ким экендигин байкатып коюшат экен. Тойго Кадыр балакай апасынын этегин бура кармап, ээрчип келген тура.

Кызык жери өткөндө Акманда Өмүрбек Текебаев Раиса айымдын короосуна тымызын таш атып жатты эле. Эми Айгүл айым менен Раиса айым тойдо антракт учурунда, же дааратканага барып калганда кокусунан бетме-бет болуп калганда эмне деп сүлөштү экен? Раиса айым кечирим сурады бекен, өткөн ишке. Ал эми балакай Кадырды 2 Өмүрбек ортого алганы эмнени каңкуулайт. Буга чейин Өмүрбек Бабанов менен Өмүрбек Текебаев бириккен да, ачык каршылашкан деле эмес. Бирок тойдо коюн-колтук алышып, эски досторчо жанаша калганы эмнеси? Ал эми Кадыр балакай менен Текебаевдин кызы Айданек социалдык тармактар аркылуу “чабышып”, аягында Кадыр жигиттик кылып, кечирим сураган. Бул кечирим суроо “кол сурагандыктын” белгиси эмеспи, ыя!

Тойдун шылтоосу менен Атамбаев – Текебаев – Бабанов деген оппозицияга жакын топ ачык эле биригишти десек болобу? Эми КСДПнын “талкалангандан” калган тарапташтары, “Республиканын” чачыла баштаган “бытырандылары”, Текебаев өзү ачык лидер боло албай, сырттан башкарууга алып тура турган “Ата Мекен” саясий партиясынын короосуна корголоп, келерки жылдагы шайлоого аттанышканы калган тура?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *