Биздин пайгамбар Иса Машаяк. Директор окуучуларды башка динге өтүүгө мажбурлаган

Мезгил

(же билим берүү министрлиги кайда карап отурат?)

Кыргызстанда башка тармактардай эле билим берүү сиситемасы ар тараптан деградацияланганы ачуу чындык. Аймактарда айрым райондук билим берүү башкармалыгынын башчылары, мектеп директорлору “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” дегендик кылып боткону билгендериндей чалып келатышат. Андан окуучулардын психологиясы бузулуп, эне-аталардын кимге ишенерин билбей башы маң болгон учурлар көп кездешет. Бул бир чети улуттук же мамлекеттик идеологиянын жоктугунан. Ушундай көрүнүштөрдүн бири Токтогул районунда болуп жатат.

Өзү билген боткону чалган Б.Салаев атындагы мектеп директору Насипа Салаеванын ишинде кетирген кемчиликтери боюнча ата-энелердин, Таалай Жалиевичтин, райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Сулпукарованын катышуусунда териштирүү жыйыны болуп, анда райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы: “Урматтуу ата-энелер, мектеп жетекчиси Насипа Салаеванын кетирген орой кемчиликтери райондук укук коргоо органдары тарабынан аныкталды. Мектеп директор жаңы окуу жылында арызын жазат, окуу жылынын башталаар замат жаңы жетекчи менен иштейсиңер” – деп убадасын берген.

Бирок, жаны окуу жылы башталмак тургай аяктады. Акимдин, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убадасы аткарылбай, учурда айыл элинин нааразычылыгы күчөп турган кез. Ага жыйынга катышкан баардык тараптар, ата-энелер күбө болушкан. Аягында аким Таалай Жалиловичтин да, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Сулпукарованын да аракети суу кечпей калды.

Эң кызыгы директор Насипа Салаева Бишкектеги “Улут” деп аталган кайрымдуулук уюмдан ар кандай эски-уску оюнчуктарды алып келип: “Силер Иогованын күбөлөрү деген динге өтөсүңөр. Биздин пайгамбар Иса Машаяк” – деп окуучуларды кыстап жатканы видеого тартылган. Директордун башка кетирген кемчиликтери бир тең, жаш өспүрүмдөрдүн аң–сезимине, рухий көрөңгөсүнө диверсия жасаганы кечиримсиз болчу. Башкасы бүтүп, бөтөн динди айылга жайылтып, өспүрүм окуучулардын аң сезимин тескери нукка “обработка” кылуубуз калды беле?

Бул темп менен жүрүп отурсак биз жакында “ит-жээр, бит-жээр ажымулук” жетекчинин буйругун ылдыйкылар аткарбаган идеологиялык чар жайыттык өкүм сүргөн коомго айланабыз. Айланып да баратабыз… Билим берүү министрлиги, Улуттук коопсуздук кызматы  кайда карап отурат? Же таажы илдети жетекчилердин да башын маң кылып таштаганбы?  

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *