Блок-постордон өткөрүүгө пара талап кылган милиция кызматкери кармалды

   Мезгил

Кечээ 1-апрелде УКМК жана  ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын  алкагында Бишкек шаардык Октябрь райондук ИИБ кызматкери У.К. пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

 Маалым болгондой, ал жеке компаниянын өкүлүнөн санитардык жана блок-постордон өткөрүүгө укук берүүчү кагаздарды берүү үчүн акча каражатын талап кылганы аныкталды.

Сотко чейинки өндүрштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-б (Пара талап кылуу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *