Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалыгынан кетти

 Мезгил

   Төкмө акын Азамат Болгонбаев 11-августта Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңешинин төрагалык кызматын тапшырып, кеңештеги мүчөлүгүн да токтотконун «Фейсбук» социалдык түйүнү аркылуу билдирди. Бирок, кызматтан кетүүсүнүн себебин түшүндүргөн жок. Элчилеп, кызматын өткөргөн соң шайлоого аттанбасын да ачык жарыя этти. Тек гана чыгармачылык менен алектенерин айткан.

Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп ушул жылдын 6-февралда шайланып, телеканал менен коомчулуктун ортосундагы байланышты күчөтөрүн айтып, алдыдагы максаттары менен бөлүшкөн.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин 14 мүчөсү бар. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калган мүчөсүн жарандык коом сунуш кылган талапкерлердин арасынан парламент тандап алат.

Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *