Болот Байысов өкмөт башчынын маалымат катчылыгына дайындалды

   Мезгил

Өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун басма сөз катчысы болуп Болот Байысов дайындалды. Куттуктайбыз! И.Арабаев, Ж.Баласагын атындагы университеттердин басма сөз кызматтарында эмгектенип, социалдык өнүгүү министрлигинен чоң тажрыйба топтогон Таластан чыккан бу жигит көптөн бери журналистика айдыңында эмгектенип, тармактагы бир катар калем ээлери менен камыр-жумур байланышта болуп келатат.

Андыктан, мындан ары өкмөттүн аткарган ишин чагылдыруу, жаманын жашыруу жагын Бокебиз камчы салдырбай тартып кетерин бөркүңөрдөй көрсөңөр болот. Эми иш десе ишке тойбой турган жигит мындан ары журналисттерди өзгө-жатка бөлбөй, калыс позицияны карманып иштесе эле шефинин кадыр-баркын ММКдан чагылдырууну кесиптештери шыр жүргүзүп кетишмек. Биз куттуктообузга улай дал ушундай сунуш да бердик. Эмесе, жигиттин гүлүнүн түйшүктүү ишине ири ийгиликтерди каалайбыз! Таластык эмеспи, аткарган иштерин чагылдырып, ишине стимул жаратсак эле башкасын шыр алып кетет. Чуркай берсин!   

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *