Борончу баштаган булар кайдан чыга калышты?

   Мезгил

Куудул Борончу Кудайбергенов дегенди билебиз да. Өткөндө президенттикке да талапкерлигин коюп жүргөн. Бул куудулубузга Украинадагы кесиптеши Зеленский президент болуп шайлангандан бери кайрадан канат бүттү белем. Саясат темасына кайрылып, кайрадан эл көзүнө уруна баштады. Айланасына бир топ жаңы жүздөрдү топтоп алып, “Акипресс” маалымат агентигинде маалымат жыйынын өтөрдү.

Алардын максаты “ЖК депутаттарынын курамын жаңылоо үчүн парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу” экен. Ал тургай Борончу куудул Кыргызстанда тынчтык жана стабилдүүлүктү сактоо максатында “Кыргызстан эл биримдиги” деген коомдук уюм түзүп, ага өзүн жетекчи кылып бекитип да алыптыр.

Борончу жана анын тегерегиндегилерди уга турган болсок айткандарында маани бар экен. “Парламентти бир топ кишилер 30 жылдан бери ээлеп алып, туугандашып кетишкен”, “алар эми үйүндө чай ичип олтура берсе болот”, “Чек арада чыр болсо депутаттар басып барган жок, а той болсо ошол жерде жүрүшөт” деп айтып жатышты. А бирок…

Куудул Борончунун бул саясий активдүүлүгүн эмне деп түшүнсөк болот?

1) Башкалар сыяктуу эле Борончунун да уюм түзгөнгө, коомчулукка пикирин билдиргенге, маалымат жыйынын өткөргөнгө, сүйлөп койгонго ж.б. ж.б. укугу бар.

2) Жаңы түзүлгөн коомдун элге айта турган сөзү болгон менен, келечекте кандай максатта иш алып бара турган планы бар экендигин байкай албадык.

3) Шайлоо тууралуу мыйзамга киргизилген жаңы толуктоолордо үгүт иштери жүргүзүлүп жаткан убакта таланттар коштогон концерттерге тыюу салынган. Андыктан шайлоо өнөктөштүгүнөн олчойгон акча иштеп табуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган куудул-артисттер, шайлоодон акча иштеп табуунун жаңы жолун ойлоп чыгышты. Булардын бири – Борончунунун жолу. Саясатка саясий уюм түзүү аркылуу аралашуу менен нан таабуу жолу.

4) Борончунун артында Ширин Айтматованы колдогон сыяктуу, шайлоо учурунда жаштарды толкутуп чыгасыңар деп күч берип турган Отунбаев сыяктуу батышты колдогон лидерлер турушу мүмкүн.

5) Парламент менен азыркы өкмөттү таратууга кызыкдар болгондор көп. Бирок системаны оңдомоюн өкмөт менен парламентке “алтын баштуу” жаштар келсе да эски арабаны сүйрөгөнгө туура келет. Кыязы шайлоого каны кызуу жаштарды пайдаланууга азырттан кам көрүлүп жатат. Анткени учурда өлкөдө бийликке каршы күчтүү оппозиция жок. Жаштарды анын ордуна колдонууну максаттаган күчтөр баш көтөрө баштады.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *