Боронов: Аймактардагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөн чыгарбай, катуу тескөө керек

    Мезгил

  Аймактардагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөн чыгарбай, катуу тескөө керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчама штабдын жыйынында билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга персоналдуу түрдө жооп берет. Күндүзгү стационарларга кайрылгандардын динамикасы төмөндөп баратат деп, бошоңдоп калбастан, жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн буга чейин белгиленген иштерди жүргүзүүнү улантуу керек. Өзгөчө илдеттин кесепитенен каза болгон учурлардын алдын алуу боюнча жумуштарды күчөтүңүздөр», – деп билгиледи премьер-министр.

Жыйында эксперттер жана адистерден турган топ тарабынан иштелип жаткан дарылоонун жаңы протоколу тууралуу маалымат берилип, өкмөт башчы коронавируска каршы ийгиликтүү күрөшө алган өлкөлөрдүн дагы тажрыйбасын эске алуу керектигин айтты.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *