Боронов: Ар бир бейтапка көңүл буруу – бул алардын тез сакайып кетишинин ачкычы

Натыйжалуу дарылоо жана көңүл буруу – биздин жарандардын сакаюусунун негизги өзөгүн түзөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов «Семетей» обсервациялык жайынын дарыгерлери менен жолугушкан учурда билдирди. 

«Учурда жарандар коронавирус илдети менен күрөшүүгө жөндөмдүү болгон тажрыйбалуу дарыгерлердин квалификациялуу жардамына муктаж. Биз силерсиз пандемияны жеңе албайбыз жана жарандардын өмүрүн сактай албайбыз. Ар бир бейтапка көңүл буруу – бул алардын тез сакайып кетишинин ачкычы экенин жакшы билесиздер.  Сиздерден бейтаптарга абдан жакшы көңүл бурууңуздарды өтүнөм. Биз өз кезегинде силердин жумушуңар үчүн жакшы шарттарды түзүүгө аракет кылабыз», – деп белгиледи Премьер-министр.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *