Боронов: Бишкек жана Ош шаарларында ушул жумада жаңы ооруканалардын курулуш иштери башталат

   Мезгил

Бишкек жана Ош шаарларында 100 орундуу эки оорукананы куруу иштерин тез арада баштоо керек. Мындай тапшырманы премьер-министр  Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди. 

Премьер-министр белгилегендей, эки шаарда курула турган ооруканалардын орду жана  долбоору даярдалууда. 

«Бишкек жана Ош шаарларында ооруканалардын курулушун ушул жуманын ичинде баштоо керек.  Бул иштерге Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жооптуу. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги аталган медициналык мекемелерди тийиштүү жабдуулар менен камсыз кылуусу зарыл», – деди Кубатбек Боронов. 

Республикалык штабдын отурумунда өлкө аймактарында колдонулбай турган бош имараттардын багыты өзгөртүлүп, ооруканага ылайыкташтырылары дагы айтылды. 

«Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттиги менен биргеликте  колдонулбай турган имараттарды тез арада оңдоп-түздөөдөн өткөрүүгө тийиш. Алар бир айдын ичинде медициналык мекеме катары иштей башташ керек. Ооруканалар 100 бейтапка ылайыкталып, анын ичинен 25-30у реанимациялык орун болсун», – деди Өкмөт башчы. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *