Боронов:Бишкектеги жугуштуу оорулардын жаңы ооруканасы бардык заманбап талаптарга жооп бериш керек

 Мезгил

Премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулардын жаңы ооруканасынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Өкмөт башчы COVID-19 пандемиясы саламаттык сактоо тутумундагы кемчиликтерди аныктоо менен жарандардын турмушуна жана өкмөттүн ишине белгилүү бир өзгөртүүлөрдү киргизгенин белгиледи. 

«Түзүлгөн кырдаалды эске алганда, республикадагы медициналык мекемелерде орундардын жетишсиздиги курч маселе болуп турат. Буга байланыштуу бардык аймактарда ооруканалардын иштебей турган имараттарын оңдоо жана реконструкциялоо боюнча иштер жүрүүдө, ал эми Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында жаңы ооруканаларды куруу иштери жүрүүдө. Саламаттык сактоо мекемелерин долбоорлоодо медицина тармагындагы адистердин пикири эске алынды», – деди Премьер-министр.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү курулуш иштери белгиленген мөөнөткө ылайык жүрүп жатканын айтышты. 

Премьер-министр оорукананын үч бөлүмүн – жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмүн, кош типтүү палаталары боло турган бөлүмдөрдү көрүп чыкты.  

Долбоорлоо жана курулуш иштери жайкысын салкын, кышкысын жылуу боло тургандай атайын эсептөөлөргө ылайык жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары оорукананын коридорунан адамдар бири-бири менен байланышта болбош үчүн ар бир палатадан өзүнчө чыга турган жол болот. Жаңы ооруканада интенсивдүү терапия жана жандандыруу бөлүмдөрү да каралды. Дарылоо жүргүзүлө турган бардык палаталар жана бөлмөлөр керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалып, санитардык-эпидемиологиялык нормаларга жооп берет. 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *