Боронов: Буга чейин апрелдин аягында 770 адамдан коронавирус аныкталаары болжолдонгон

  Мезгил

“Биздин буга чейин жүргүзгөн анализдин негизинде 2020-жылдын 30-апрелине карата Кыргызстанда 770 адам коронавирус жуктуруп алуусун болжогонбуз”.  Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, эсептөөлөр Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун методикасынын негизинде өлкөдө болуп жаткан көрүнүшкө анализ жүргүзүүнүн алкагында эсептелип чыккан.

“Биздин эсеп боюнча 30-апрелге Кыргызстанда 770 оорулуу, башкача айтканда, ушул сандын тегерегинде бейтап болушу керек болчу. Өзүңүздөргө маалым болгондой, 29-апрелге карата 729 адамга коронавирус жуккан. Биз жасаган эсептин негизинде иш алып баруудабыз”, – деп баса белгиледи ал.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *