Боронов: Электр энергиясына карата тарифтин өтө төмөндүгү энергокомпаниялардын абалына терс таасирин тийгизүүдө

Мезгил

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында КР Өкмөтүнүн энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, энергетика секторун өнүктүрүү багытындагы иши жөнүндө.  CASA 1000 жана башка энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу тууралуу маалыматы угулуп жатат. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, электр энергиясына карата тарифтин өтө төмөндүгү энергокомпаниялардын абалына терс таасирин тийгизүүдө, эгерде электр энергиясынын кошумча булактары тартылбаса, алдыга коюлган милдеттенмелердин өтөөсүн чыгуу кыйын. Электр кубатын пайдалануунун көлөмү жыл сайын өсүүдө.

«Акылдуу эсептегичтер» коюлганча энергиянын техникалык жоготуусу 22 пайыздан тегерегинда болчу, ал азыр 12 пайызга чейин төмөндөдү. Азыр электр кубатын өндүрүү баасы 1 сом 40 тыйынды түзөт. Демек, ал өзүн актаган жок. Ошондон улам, энергокомпаниялардын абалы оорлоп, эл аралык каржы уюмдарынан насыя алууга аргасыз болуп жатабыз. Биз жаӊы тарифтик саясатты иштеп чыгып, өлкөнүн энергетикалык тармагында реформаларды жасашыбыз керек», – деп кошумчалады ал.

Ал эми айрым депутаттар акыркы мезгилде өлкөнүн энерготармагында оурн алган коррупциялык схемалар ачыкка чыкканын баса белгилешти. «CASA-1000 долбоорунун алкагында Жогорку Нарын ГЭС каскады менен Датка-Кемин жогорку чыӊалуудагы электр чордону бүткөрүлүп, ашыкча энергия экспорттолушу керек болчу. Бирок анын натыйжасы сезилген жок. Азыр Кыргызстанда майнинг-компаниялар иштей баштады, алар мамлекетке эч кандай пайда алып келбейт, салык төлөгөн жок. Аларга өзүнчө тариф иштеп чыгуу зарыл», – деди депутат Азамат Арапбаев.

Биринчи вице-премьер-министр Кыргызстанда майнинг-компанияларга тыюу салынганын эске салды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *