Боронов: Эмгек өргүүсүндөгү бардык медицина кызматкерлерин чакыртуу керек

  Мезгил

Эмгек өргүүсүндөгү бардык медицина кызматкерлерин чакыртуу керек. Мындай тапшырманы   премьер-министр  Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди. 

«Ар бирибизге эс алуу керек. Бирок эпидемиологиялык абал бизден чечкиндүү аракеттерди талап кылууда. Ооруп калган жарандарга азыр, ушул жерде жардам берүү кажет. Биринчи кезекте адамдар медицина кызматкерлеринин көмөгүнө муктаж. Алар бүгүн өлкөгө абадай зарыл болуп турат. Ооруп жаткандар дарыланып, саламаттыгын чыңдашсын. Бирок дени сак жана эмгек өргүүсүндөгү медкызматкерлер ишке чыгып, күнү-түнү нөөмөттө туруп, бейтаптарды кабыл алып жаткан кесиптештерине жардам берүүгө тийиш», – деди Кубатбек Боронов. 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *