Боронов: Күз-кыш мезгилине жакшы даярдануу зарыл, ал маалда ооругандардын саны өсүшү ыктымал

  Мезгил

COVID-19 жайылган учурда ишинде кемчилдик кетирген жооптуу адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«Силердин ар бириңердин ишиңерден, жоопкерчиликтүү мамилеңерден, коюлган милдеттерди сапаттуу ишке ашыруудан, аларды аткарууну көзөмөлдөөдөн жарандарыбыздын саламаттыгы жана өмүрү көз каранды. Дагы бир ирет кайталайм, ишиңерде эч кандай калпыстыктар жана кемчиликтер болбоого тийиш. Бир түзүмдүн жетишсиз иши башка ведомстволордун ишинин көлөмүн арттырууга таасирин тийгизет.  Бирок эң кооптуусу – ооруга кабылгандардын санынын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. COVID-19 жайылган учурда ишинде кемчилдик кетирген жооптуу адамдарга тиешелүү чаралар көрүлөт. Күз-кыш мезгилине жакшы даярдануу зарыл, ал маалда ооругандардын саны өсүшү ыктымал», – деди Кубатбек Боронов. 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *