Боронов: Өкмөт башчы болом деп сүйүнө элекмин, эртең талапкерлигимди бекитсеңиздер сүйүнөм

    Мезгил

Учурда   парламенттик коалиция премьер-министрлик кызмат ордуна Кубатбек Бороновдун талапкерлигин кароодо.

  Жыйында депутат Аида Касымалиева премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов залга маанайы суз киргенин сурап, учурдагы сезимдерин сурады.  

“Залга кирип жатканда маанайыңыз суз кирдиңиз. Кандай сезимдер болуп жатат? Сүйүнгөн жоксузбу? Бул эми өлкөдөгү эң чоң кызматтардын бири. Залга абдан эле ойлонуп кирдиңиз го”, – деп депутат талапкерге кайрылды.

Боронов: “Мен бул тууралуу кечээ кечинде уктум. Сүйүнгөнгө убакыт болгон жок. Бир нерсени сезип турам алдыбызда чоң жоопкерчилик турат. Ишке ашырчу көп иштер бар. Ошонун үстүндө иштеш керек. Сүйүнө элекмин, эртең талапкерлигимди бекитсеңиздер сүйүнөм”, – деди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *