Боронов: “Өкмөт мерчемделген пландарды ийгиликтүү ишке ашырууда”

   Мезгил

“Өкмөт мерчемделген долбоорлорду жана пландарды ийгиликтүү ишке ашырып, социалдык төлөмдөрдү убагында камсыздоодо”. Бул тууралуу өлкөбүздүн өкмөт башчысы Кубатбек Боронов жума сайын өтчү брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өкмөт казынадагы каражаттын тартыштыгына жана карантиндик шарттарга карабастан, социалдык милдеттенмелерди аткарып, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну улантууда. 

«Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо иштерине өзгөчө көңүл бурулууда. Жылдын аягына чейин республика боюнча 79 айыл ичүүчү таза суу менен камсыз болору күтүлүүдө. Жакынкы арада жүздөн ашык социалдык объекттин курулушу жана ремонт иштерин, бир катар ирригациялык объекттерди бүтүрүү пландаштырылууда. Ошондой эле республика боюнча 260 чакырымдан жолго асфальт төшөө иштери уланууда. Бул максаттардын баарын аткарууга мамлекеттик казынадан керектүү каражаттар бөлүнүүдө», – деп билдирди өкмөт башчы. 

Премьер-министр ошондой эле коронавирус инфекцияга байланыштуу маселелерге дагы токтолду. Кубатбек Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын билдирип, күз мезгилинде болушу мүмкүн делген пандемиянын жаңы толкунуна туруштук берүү үчүн даярдыктар жүрүп жатканын кошумчалады. 

«Жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери кырдаалды колдон чыгарбай кармап туруу абзел. Өзгөчө күз-кыш мезгили босогодо турганда жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта жана ыкчам тартипте иштөө зарыл. Биздин жалпы милдетибиз – ооруну азайтуу жана бейтаптарга өзгөчө көңүл буруу», – деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы санитардык коопсуздук чараларынын аткарылышын көзөмөлгө алуу күчөтүлгөнүн баса белгилеп, кыргызстандыктарды жоопкерчиликтүү болууга, бет кап тагынып, социалдык аралыкты сактоо менен коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды. 

Өкмөт кара жанын карч уруп, жанын сабаган тейде өлкөбүздөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртуу максатында жарандарыбызды жапа тырмак коопсуздук эрежелерин сактоого чакырууда. Анча-мынчаны кулактын сыртынан кетирген мекендештерибиз ушуну угаар бекен?

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *