Боронов: Коомдук транспорттор 25-майдан тарта иштей баштайт

  Мезгил

25-майдан тарта Кыргызстанда коомдук транспорттун иши жанданат. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда   онлайн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, коомдук транспортто санитардык эрежелер сакталып, жүргүнчүлөр бет кап тагынышы керек.

Буга чейин бүгүн, 19-майда Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын отурумунда ӨКМдин Бишкек боюнча башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргынов Бишкек шаарынын ыкчам штабынын жетекчиси коомдук транспортту 21-майда ишке киргизүүнү токтотуп турууну сунуштаганын билдирген болчу.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *