Боронов: Коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал начарлашы мүмкүн

  Мезгил

   Коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаал начарлашы мүмкүн, ага карата даярдыкты күчөтүүнү камсыз кылуу шарт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. 

Ал кечээ  Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы отуруму болгонун билдирди. 

«Күнүгө жарандардын арасында коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны көбөйүүдө. Өзгөчө Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда абал курч. Коопсуздук кеңешинин отурумунда белгиленгендей, дагы бир жолу белгилей кетким келет, облус жетекчилери өзүңөргө тийиштүү аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча жеке жоопкерчилигиңер бар. Аймактарда абалды көзөмөлдөө боюнча толук кандуу иштер жүргүзүлбөй жатат. Коопсуздук кеңешинин бардык тапшырмалары, чечимдери сапаттуу жана өз учурунда аткарылышы керек. Ар бир мамлекеттик орган жана ар бир облус күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнү  жүзөгө ашырууга тийиш, бул медициналык мекемелерде бейтаптардын санынын көбөйүшүн эске алуу менен,  ошондой эле  экономикалык ишмердүүлүктөгү ар кыл багыттардын ишине даярдык көрүлүүгө   тийиш», – деди Кубатбек Боронов.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *