Боронов: Коронавирус инфекциясы боюнча кырдаал жакшырды

    Мезгил

   Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-августта, премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Анда өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус инфекциясы боюнча кырдаал жакшырганын — илдетти жаңы жуктуруп алгандардын саны бир топ азайгандыгын белгиледи. Кырдаалды мындан ары жакшыртуу жана узак мөөнөткө сактоо менен дары-дармектердин корун түзүү боюнча бардык чаралар көрүлүп жатканын баса белгиледи.

Премьер-министрдин маалыматы боюнча азыркы тапта ишкерлерди колдоо программасынын алкагында бөлүнгөн 14 млрд сом өздөштүрүлүп жатат.

Ал аймактардагы ишкерлерди колдоо, анын ичинде ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүүдө бюрократиялык иш-аракеттерди болушунча кыскартуу боюнча чаралар тууралуу маалымдады.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *