Боронов: Өлкө аэропорттору күнү-түнү жүргүнчүлөрдү тейлөөгө даяр

    Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-августта,  премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү.  Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, тышкы чек аралардын ачылышы, күз-кыш мезгилине жана жаңы окуу жылына даярдыктар жөнүндө маселелер талкууланды.

Өкмөт башчысы карантиндик чараларды бара-бара алып салууга карата көрүлүп жаткан даярдыктар, транспорттук байланыштарды паритеттик негизде жандандыруу боюнча чет мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Премьер-министрдин берген маалыматына ылайык, өлкө аэропорттору күнү-түнү жүргүнчүлөрдү санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен тейлөөгө даяр, аларда бардык керектүү шаймандар орнотулуп, тийиштүү алгоритмдер иштелип чыккан.

Ошондой эле ал башка кызматтар менен өз ара иштешүү үчүн салмак-көлөмдүк көзөмөлдөө санарип системасынын жөнгө салынып жатканын билдирди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *