Боронов: Медиктерге вирус жуккан фактылар мындан ары болбошу керек

   Мезгил

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында Республикалык ыкчам штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

 Штабдын жыйынында коронавирус менен ооругандарды дарылоо жайларында иштеген медицина кызматкерлерин жетишсиз камсыздоо боюнча маселе көтөрүлдү.

«Бүгүнкү күнү 30дан ашуун медициналык кызматкерге коронавирус жуккан. Бул кайталанууга болбой турган кейиштүү учурлар. Дагы бир ирет кайталап кетсем, ишке тартылган бардык медицина кызматкерлери коргоо кийимдери жана өздүк коргонуу каражаттары менен максималдуу түрдө корголушу керек. Бул биринчи кезекте дарыгерлерге жана башка медицина кызматчыларына, ошондой эле бир катар кызматтардын өкүлдөрүнө тийиштүү. Ушул маселе боюнча кемчилдиктерди кетирген жооптуу адамдар жазаланат. Медициналык мекемелерде бардык бекитилген эрежелер катуу сакталууга тийиш, медиктерге вирус жуккан фактылар мындан ары болбошу керек», – деди Кубатбек Боронов. 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *