Боронов парламенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү

     Мезгил

Премьер-министр Кубатбек Боронов 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү иштеринин жүрүшү талкууланган жыйын өткөрдү.  

Өкмөт башчы вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жетектеген шайлоо комиссияларын уюштуруу маселелерин кароо жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча иш алып бара турган Республикалык штаб түзүлгөнүн белгиледи.

«Алдыдагы шайлоо мурдагылардан коронавирус инфекциясы пандемиясы учурунда өткөрүлө турганы менен айырмаланат. Бул масштабдуу саясий окуя жогорку деңгээлде уюштурууну талап кылат жана шайлоо участкаларында эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандарга вирустун жугушун алдын алуу боюнча иш аракеттерди көрүү шарт. Биздин алдыбызда шайлоону ачык жана таза өткөрүү үчүн бардык шарттарды түзүү милдети турат», – деди Кубатбек Боронов.

Учурда 2464 шайлоо тилкеси бар, анын 44ү чет өлкөлөрдө. 54 аймактык шайлоо комиссиясы түзүлүп, алардын курамы бекитилди (650 аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, 29 837 участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү). Алдын ала тизмеге (24-июлга карата) 3 млн 428 миң 873 адам кирди. 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *