Боронов: Россияда иштеген кыргыз дарыгерлер жардам бермей болушту

   Мезгил

Бишкек шаарында 600дөн ашуун кошумча орун даяр. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди. 

«Аларга жайгаштырылган жарандар тийиштүү түрдө дарылана башташты. Кайдыгер эмес жарандар жардам көрсөтүп жатышат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан алардын баарына терең ыраазычылык билдиргим келет. Ошол эле тапта кошумча орундарды жана убактылуу госпиталдарды ачуу иштери планга ылайык уланууда. Окуу жайлардын жатаканаларынын имараттарында керектүү медициналык жабдуулар орнотулуп, дары-дармектер жеткирилүүдө», – деди Кубатбек Боронов, ал мындай стационарларга тажрыйбалуу дарыгерлерди тартуу зарылдыгын белгиледи. 

Кубатбек Боронов учурда Бишкек шаарынын медициналык кызматкерлерине жардам көрсөтүү үчүн аймактардан ыктыярчылар тартылганын билдирди.

«Азыркы тапта Талас, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл жана Баткен облустарынан 70ге жакын дарыгер жана медайымдар келишти. Муну менен катар Россия Федерациясында иштеген кыргыз дарыгерлер жардам берерин билдиришти. Жакынкы күндөрү алар учак менен жеткирилет. Тобокелдикке карабастан, ак халатчандарыбыз ыктыярдуу түрдө көмөк көрсөтүп жатышат. Бейтаптардын жана оор шарттарда иштеген медицина кызматкерлеринин тамак-ашына жооптуу жактарга тамактандыруу, медициналык мекемелерде шарттарды түзүү боюнча бардык маселелерди чечүү тапшырылды. Жарандар бул вирусту жеңүүгө күч берчүдөй туура тамактануулары керек», – деди премьер-министр.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *