Боронов той-аштарды токтотууга чакырды

   Мезгил

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов 19-августтагы онлайн брифингде Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалды турукташтырууга жардам берүүгө жалпы коомчулукту чакырды. Күзүндө той-аштар көп өткөрүлө турганын эске салып, пандемияга байланыштуу азыр андай иш-чараларды токтото турууну сунуш кылды.

“Биздин өлкөдө күз айларында аш-тойлор жана мааракелер көп өткөрүлөт. Бирок, мекендештерди мындай иш-чараларды токтотууга жана өкмөттүн позициясына, бекитилген талаптарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырам. Ден-соолуктан башка баалуу эч нерсе жок, өзүңөрдү жана жакындарыңарды сактагыла!”, – деди Боронов.

Пандемиядан улам Кыргызстанда карантиндик чектөөлөр бар. Ресторан-кафелерге той-аш өткөрүүгө, эл көп катышуучу иш-чараларга тыюу салынган. Мындай талапты аткарбаган юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айыппул салынат.

Кыргыз аш-тойго жантыгынан жата калып барчу эле, эми кантээр экенбиз? Ай чыдабайбыз го?

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *