Боронов: Жагдайдын терс өнүгүшүнө ар бир аймак даяр болушу керек

  Мезгил

Учурда Бишкек шаарында байкалган жагдайдын терс өнүгүшүнө ар бир аймак даяр болушу керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. 

«Ар бир облустун жетекчилерине кайрылам. Учурда негизги соккуну борбор калаа жана Чүй облусу алып жатат. Вирустун жайылуу толкунун токтотуу үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бирок абалдын терс өнүгүшүнө даяр болууга милдеттүүбүз. Ооруканаларда орундарды алдын ала даярдагыла. Жашоочулардын жана медициналык мекемелердеги орундардын эсебин эске алуу керек. Ошол эле учурда персонал жетишпеген шартта жардам көрсөтүүгө даяр медицина кызматкерлеринин тизмесин даярдоо керек. Учурда эле медициналык персонал жетишпей жатат. Ошондуктан адистерди тартуу иштерин күчөтүү зарыл. Кошумча тартылган медицина кызматкерлери аткарган ишине жараша тиешелүү айлык акысын алышат», – деп белгиледи Өкмөт башчы. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *