Боронов: Жаранда COVID-19 инфекциясынын жоктугу тууралуу маалымкатты талап кылуу ашыкча

  Мезгил

Жаранда COVID-19 инфекциясынын жоктугу тууралуу маалымкатты талап кылуу иш-аракеттердин тиешелүү алгоритминде каралбаган шарттан тышкары ашыкча болуп саналат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында КРнын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Кубатбек Боронов ошондой эле Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн облуска кирүүгө тыюу салуу жана адам коронавирус менен оорубагандыгы тууралуу маалым катты талап кылуу боюнча өз алдынча кабыл алган чечимдерин өзгөртүү керектигин белгиледи.

Анын айтымында, аймакка кирүүчү жердеги санитардык-карантиндик посттордо бардык кирген жана чыккан унаалар менен жарандарды   Саламаттык сактоо министирлиги тарабынан бекитилген текшерүү аракеттеринин алгоритмине ылайык көзөмөлдөөнү күчөтүү улантылышы шарт.

“Жаранда COVID-19 инфекциясынын жоктугу тууралуу маалымкатты талап кылуу иш-аракеттердин тиешелүү алгоритминде каралбаган шарттан тышкары ашыкча болуп саналат”, – деп баса белгиледи ал.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *