Боронов: Жарандар коронавирусту кайда, качан жугузганын билбей, өздөрү кайрылууда

Мезгил

COVID-19 жуктуруу тобокелдиги Бишкекте жогорулап жатат. Республикалык ыкчам штаб борбор калаадагы, Чүй жана Нарын облустарындагы эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Белгиленгендей, борбор калаада коронавируска кабылгандар менен түз байланышта болгондугу аныкталбаган жактардын инфекцияны жуктургандыгы катталууда. Алардын жуктуруу себеби аныкталып жатат, ар бир учур боюнча эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүлүүдө. 

«Жарандар коронавирус менен ооругандар менен түз байланышта болбой туруп жана кайда, качан жугузганын билбей, вирустун белгилери бар болгондуктан медициналык мекемелерге өздөрү кайрылган фактылар көп кездешүүдө. Бул жуктуруу очогунун кеңейип жатканын күбөлөндүрөт. Санитардык талаптар, үй карантини, обсервация режими жана башка бекитилген ченемдер катуу сакталышы үчүн коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл. Шалаакылык үчүн ар ким жооптуу экендигин эсиңерден чыгарбагыла. Кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбоо керек, инфекцияны жуктуруунун күтүүсүз күчөшүнө жол бербөө зарыл. Коомдук жайларда, коомдук унааларда, адамдар көп топтолгон жерлерде жарандар жеке коопсуздугу үчүн беткап тагынууга тийиш», – деди   биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов. 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *