Британия: 5G тутуму коронавирус таркатат деген жүйөө менен мобилдик мунаралар өрттөлдү

Мезгил

Британиянын жашоочулары 5G тутумун пайдалануу ден соолукка зыян, ал иммунитетти алсыздандырып, коронавирусту таркатат  деген жүйөө менен  5G тармагынын 20 мунарасын талкалап өрттөп салышты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

5G тутумунун мунараларын өрттө өткөн жумада Англиянын чыгышында жана Ливерпулда башталгандыгы маалым. Буга 5G тутумун пайдалануу ден соолукка зыян, ал иммунитетти алсыздандырып, коронавирустун жугушуна шарт түзөт -деп сайттарда жана соцтармактарда тарап жаткан видеороликтер жана маалыматтар себеп болгон.

Бирок, чет элдик басылмалар Британияда өрттөлгөн мунаралар кымбат баалуу технологиялар менен жабдылбаганын, натыйжада 3G жана 4G тутумдары үзгүлтүкө учураганын жазышат.

Ал эми Улуттук саламаттыкты сактоо кызматынын башчысы Стивен Повис “Карантин убагында калкка маалыматты ыкчам жеткирүүдө 5G байланышы абдан зарыл болчу. Бул боюнча соцсеттерде таркап жаткан маалыматтардын баары болбогур кеп”,- деп билдирет.

Бул ортодо  Британиядагы эң ири телекоммуникациялык компаниялар өз кардарларына тутумдарды талкалоого бөгөт коюуга жардам сурап кайрылды.

-Жалган маалыматка ишенген талкалоочулар мобилдик мунараларды өрттөп, өтө маанилүү инфратүзүмдүн ишин үзгүлтүкө учуратты. 5G аркылуу коронавирус таркайт деген илимге негизделген далил жок-деп билдиришет телекоммуникациялык компаниялар .

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *