БШК: 18-ноябрга чейин президенттикке талапкерлердин документтери текшерилип бүтөт

БШК президенттикке талапкерлердин документтерин текшерип баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

Маалымдалгандай,  президенттикке талапкердерден  арыз кабыл алуу 14-ноябрда токтотулду.  Алгач талапкерлигин 65 адам жылдырып, көп өтпөй, экөө арыздарын артка чакыртып алды.

Ушуну менен президенттик шайлоого 63 адам аттанды. 18-ноябрга чейин алардын документтери текшерилип бүтөт.

Эгер талапкер тапшырган маалымат туура эмес болуп чыкса, ага оңдоого 48 саат берилет. 14-декабрга чейин БШК талапкерлерди каттап, 2 күндүн ичинде ар бирине тиешелүү күбөлүк тапшырылат.

Белгилей кетсек, мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор 10-январда өтөт.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *