Буйрук чыкты. Жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүнө милдеттүү түрдө  чынжырчаларды тагуу  керек

   Мезгил

Жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүнө милдеттүү түрдө  чынжырчаларды тагуу  керек. Тиешелүү буйрукту унаа жана жолдор министрлиги чыгарды.

 Ага ылайык,  кар жааган учурда чиркегичи бар жүк ташуучу унааларга дөңгөлөктөрүндө чынжыры жок жүрүүгө тыюу салынат.

Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө «Ош-Сарыташ-Эркечтам», «Жалал-Абад – Балыкчы», «Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт», «Бишкек-Ош» жолдорунун башкармалыктарына, жүктү жана көлөмдү көзөмөлдөө агенттигине тапшырылды.

Андан тышкары, жол департаментинин жетекчилиги көчкү түшүү коркунучу күч аймактарга алдын ала эскертүүчү белгилерди коюу милдеттендирилди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *