Бул жашоо түбөлүктү эмес. Миллиардер Алишер Усманов мураскорлорун ачыктады

  Мезгил

Өзбекстандан чыккан Россиялык миллиардер Алишер Усманов биринчи жолу он жылдан бери ачыктабай жүргөн сырын Financial Times газетасына кызыктуу маек куруп сырын ачыктады.

Усманов Россиянын президенти Владимир Путинге жакындыгы барбы деген суроого  “президент менен сүйлөшүп турам, бирок эч кандай андан ашык тапшырма алган эмесмин” деп жооп берген.

Усманов  Путин тууралуу “Ал кишиге эч нерсе керек эмес. Олигархтардын да кереги жок ал үчүн бир гана күчтүү мамлекет керек” – деп баса белгиледи.    Бул өлкөнүн лидери жана жараны катары сыйлайм”. Менин оюмча ал бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү биринчи лидер. Бирок, эч качан  ал адам тарабынан атайын  тапшырма алган эмесмин деп кошумчалады  жеке ишкер.

Мен анын жаза чараларынан коркпойм, анткени жашоомдо мындан да коркунучтуу нерселерди жеңгем. “ Бул жашоодо мындан да оор мындан да маанилүү көйгөйлөр бар. Негизи саясий маселелерге аралашпайм татыктуу эмесмин  аралашканга, аралашпайм да деп ишендирип айталам.

Усмановдун оюу боюнча жеке ишкердикке күрөштүн саясий жана аскердик ыкмаларды колдонуунун кереги жок. “Россия эбегейсиз күчтүү чоң мамлекет. Өзүнүн орду үчүн ар дайым күрөшө алат. Муну өнөктөштөр да эртеби кечпи түшүнсө ошончолук келишимдер бат түзүлмөк. Мен ушуга ишенем, мен эмес миллиондогон адамдар да ушундай ойдо”-деди ал.

“Жашоо түбөлүктү эмес”. Көптөгөн адамдар мага жардам беришти ошол себептен, мен өзүмдүн үй-бүлөмө, менеджерлериме алардын үлүшүн берип жатам. Жеке өзүмдүн оюмда Элүү пайыз – үй бүлөмө, элүү пайыз- менеджерлерге  алар ушуга акылуу. Мен үчүн алардын ар биринин орду бар болгондуктан, өздөрүнүн үлүшүнө татыктуу деп эсептейм. Бул менин жаратылышым. Эгер тагдыр эмне берсе, ал менен бөлүшүш керек” дейт олигарх.

Ошондой эле, Усманов Facebook ка кошкон салымы туурасында айтып өттү. Ал компанияга жардам катары Юрием Мильнер аттуу өнөктөшү аркылуу 460 млн доллар түз которуп, фонд аркылуу 420миллион которгон. “Мен билгем бул компания дүйнөнү астын үстүн кылаарын”- дейт миллиардер.

Алишер Усманов – USM Holdings компаниясынын негиздөөчүсү жана эң негизги акционери. Анын байлыгы 12,6миллиард доллар менен бааланат.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *