Булатов интернет канал ачып, адилетсиздикке каршы күрөштү күчөттү

Мезгил

Кадимки укук коргоочу Качкын Булатов адилетсиздик болгон жерде чыдай албай, кептин жакшы маанисинде “туйлап жибермей” адаты бар. Жетимишке келсе да жаштардан кем калышпай, демдүү кадамынан жазбаган Качыкебиз жакындан тарта “Ютубдан” өздүк канал ачып, ишмердүүлүгүн баштады. Ар убак өлкөдөгү адилетсиздик абалга каршы тынчсызданган Булатов мындан ары жеке каналынан жемкорлордун, шектүү сот, прокурор, жалпы погончондордун жүзүн ачып, бүгүнкү бийликтин ыплас саясатын ашкерелөөгө баш урмакчы.

Буга дейре укугу бузулган жарандардын үнүн жеткирүү үчүн ар кайсы маалымат каражаттарына жардам сурап, кайрыла бергенден тажаганын, акыры өздүк сайт негиздеп алганынан кабардар болдук. Жетимишке келсе да, интернеттин ичегисин чубашты өздөштүрүп алгандын өзү эрдиктир. Мындан ары укугу бузулган жарандарыбыз Качыкебизге эч камсанабастан кайрыла беришсе болот. Андайлардын арыз-муңун укук коргоочу өздүк каналынан “дүкүлдөтө” чагылдырып турмакчы.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *