Бузурманкулов: 24-ноябрында эски аянтта элдик угуу болбойт

Мезгил

2019-жылдын 24-ноябрында Бишкекте, эски аянтта элдик угуу болбойт. Бул тууралуу демилгечи топтун төрагасы Айбек Бузурманкулов билдирди.

Ал башкаруунун түрү, шайлоо системасы, бийликтин ал алдындагы отчеттуулугуна байланыштуу элдик демилге тартибинде, мыйзам долбоорун даярдап, тийиштүү элдин колун топтоп, ал маселелер боюнча референдум дайындоо мыйзамын Жогорку Кеңешке киргизген демилгечи топ, 2019-жылдын 24-ноябрында Бишкекте, эски аянтта В.И. Лениндин эстелигинин алдында элдик угууну өткөрүүнү жарыялаганын, Курултайдын чечимдерин Аткаруу Комитетинин расмий бийлик менен сүйлөшүү боюнча өкүлү Т. Акундун расмий билдүүсүнө караганда элдик демилге менен киргизген мыйзам долбоорун, Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттеринде расмий карала баштаганын, ошого байланыштуу ачык асман алдында элдик угуунун зарылдыгы жоюлганын айтат.

Демилгечи топ Конституциядагы жана мыйзамдагы укук, милдеттеринин чегинде Жогорку Кеңеш менен Конструктивдүү иш аракеттерин улантарын расмий билдирет. Биздин демилгени колдогон баардык мекендештерибизге ыраазычылык айтабыз жана аталган мыйзам долбоорун кабыл алдыруу боюнча мыйзамда каралган бардык аракеттерди уланта берерибизди билдиребиз. Биз дагы бир жолу бекем белгилейбиз жана шайлоо босогосу боюнча талашып жаткан саясий уюмдарга айтабыз, кеп 3 же 9 пайызда эмес, маселе шайлоо системасын түп тамырынан өзгөртүүдө…
Ал качан өзгөрүлөт? Кандай өзгөрүлөт? 2020-жылыбы же андан кийинби, кандай шайлоо системасы эл үчүн пайдалуу? Ушуну эл чечсин деп жатабыз. Кеч болсо да, Жогорку Кеңеш элдик демилге менен киргизилген мыйзам долбооруна көңүл бурганына рахмат дейбиз-деди Айбек Бузурманкулов.

Кайрылуу: Курултайчылар шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрүүнү эңсеген саясатчыларды дебатка чакырат

 Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *