Быйыл мектептерди курууга жалпысынан 3 млрдга жакын каражат бөлүндү

  Мезгил

Кыргызстанда бул жылы мектептерди курууга 2 миллиард 819 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. 

 Маалыматка ылайык,  өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, сумма 1,5 эсе  көбөйдү.

Бул мезгилде дээрлик 3 миң окуучуга эсептелген 5 мектеп  курулду. Андан тышкары,  9 айда Баткен, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарында 9 жаңы бала бакча пайда болду. Объектилерди курууга 297 миллион сом бөлүнгөн.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *