Быйылкы окуу жылы 2-сентябрда башталат

 Мезгил 

Быйыл 1-сентябрь жекшемби күнгө туура келгендиктен, окуу жылы 2-сентябрда башталат. Бул туурасында билим берүү министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, окуу жылынын салтанаттуу ачылышы республиканын бардык аймактарында 2-сентябрда эртең мененки саат 09:00дө башталат.

Ал эми сабактар 3-сентябрдан баштап көрсөтүлгөн тартипте өтүлө баштайт. 2019-2020-жылдагы базистик окуу планы министрлик тарабынан бекитилген.

Кыргыз Республикасынын мыйзамында көрсөтүлгөндөй, майрамдар эс алуу күндөрүнө туш келсе, анда дем алыш күндөрү эртеси күнгө жылдырылат.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *