Быйылкы жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө бюджеттен 29 миллиард сомго жакын акча керектелет

Мезгил

Ушул жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө республикалык бюджеттен 29 миллиард сомго жакын каражат жумшалат.

Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

  Маалым болгондой,  өлкөнүн тышкы карызын төлөөгө 16 миллиард сомдон ашык, ал эми ички бересесине 12 миллиард сомдон көбүрөөгү жумшалат.

Белгилеп кетсек,  Кыргызстандын учурдагы тышкы карызы 4 миллиард долларга жакын болсо, ички карызы 722 миллион долларга жетти.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *