Былтыркы жылы мамлекеттик тышкы жана ички карыздарды тейлөөгө 23 млрд сом жумшалган

Мезгил

2018-жылы мамлекеттик тышкы жана ички карыздарды тейлөөгө 23 млрд сом жумшалган. Ал эми республикалык бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн 9 млрд сомдук кошумча баалуу кагаздар чыгарылган. Ал каражат кайра эле ички карыздарга келип түшөт. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын башчысы Улукбек Марипов Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2018-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.

«Биз Өкмөткө баалуу кагаздар боюнча банктар менен эле эмес, калктын калыӊ катмары менен да иштешүү сунушун бергенбиз. Ошондой эле, мыйзамда бекитилген айрым бир сандардын жыл аягында өзгөрүп калышы да жакшы нерсе эмес. Мисалы, мурда бекитилген капиталдык салымдардын өлчөмү жыл аягында өзгөрүп калган. Биз муну жыл сайын айтып келатабыз, бирок аткарылган жок», – деди Улукбек Марипов.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *