Өч алуу. Иран депутаты Трамптын башы үчүн үч миллион доллар сунуштады

Мезгил

Иран депутаты Ахмад Хамзе АКШ президенти Дональд Трамптын башы үчүн үч миллион доллар сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.  

 Депутат  парламентте сүйлөп жатып, “Эгерде Трампты ким өлтүрүп, анын башын алып келсе, Керман провинциясынын жашоочуларынын атынан 3 миллион доллар накта акчалай сыйлык берилет”-деди. 

Керман провинциясы буга чейин АКШ президенти  Дональд Трамп тарабынан өлтүрүлгөн генерал  Касем Сулейманинин мекени болгон.

Ал эми буга чейин Ирак Трамптын башын алууга 80 миллон сом сунушталганы айтылган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн мамлекеттик телеканалында айтылып, Иранда 80 миллион калк жашаарын айтып, алардын ар бири бир сомдон чогултууга мүмкүн экендиги айтылган.

 Белгилей кетсек,  3-январда Иранда экинчи таасирдүү адам болгон генерал Касем Сулеймани АКШнын президенти Дональд Трамптын буйругу менен өлтүрүлгөн.

Маркум генерал өлкөсүндөгү бийликтин иерархиясында турган эң таасирдүү жана кадыр-баркы жогору адамдардын катарында болгон.  2016-жылы президенттикке талапкерлердин бири катары каралган. Анын өлүмү Иранда гана эмес, бүт аймактагы абалга таасир бериши ыктымал.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *