Чүй: Медициналык беткаптардын 3 түрүн тиге турган ишкана ачылат

 

Мезгил

 Чүй облусунда медициналык беткаптардын 3 түрүн тиге турган ишкана ачылат.  Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

 Маалыматка ылайык, 5 кабаттуу KN 95 респираторлору, клапан менен беткаптар жана 3 кабаттуу беткаптарды тигүү үчүн жабдуулар сатылып алынды.

Чүй районунда жайгашкан фабрика суткасына 100 миңге чейин беткап чыгара алат. Учурга карата линиялар чыгарууга даяр.

Бирок мамлекеттик органдардан уруксат берүүчү сертификаттарды алуу жана сырьену бажыдан өткөрүү суроолору калды. Өкмөткө аларды тез арада чечүү тапшырмасы берилди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *