Чүй милициясынын жетекчиси Курманкулов эсине келди. Бирок абалы оор бойдон калууда

   Мезгил.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов эсине келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бирок абалы дагы деле оор бойдон калууда. Самат Курманкулов  кечээки Кой-Таштагы атайын операциянын жүрүшүндө таш менен баш сөөгү жанчылып, комага түшкөн.

Ага чукул операция 2 жолу жасалып, учурда Бишкек шаарынын травматология жана ортопедия илимий-иликтөө борборунун реанимациясында.

Эске салсак, кечээ, 7-августта кечинде Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Аскерлердин бири алган жаракатынан улам каза болгон.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *