Чүй милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов “Эрдик” медалы менен сыйланды

   Мезгил

Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкулов “Эрдик”  медалы менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

  Маалым болгондой, Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык,  Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Курманкулов Самат Ажыгулович коомдук коопсуздукту сактоону камсыз кылууга кошкон салымы, ошондой эле кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланды.

Эске салсак, 7-августта Кой-Таш окуяларында Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов башына жараат алган.

Натыйжада ал комага түшүп, Москванын ооруканасына жөнөтүлгөн. Учурда эсине келип сүйлөп калды.  

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *