Чүй милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов сүйлөп калды

  Мезгил

Чүй милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов өзүнө келди. Бул тууралуу ИИМдин медицина кызматынын башчысы Нурдин Метеров бүгүн Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын отурумунда билдирди.

Анын айтымында Курманкулов сүйлөп калды. Бирок,  толугу менен калыбына келе элек. Учурда анын жанында жубайы жана агасы бар. 

 Маалыматка ылайык,  ал кызматына кайтып келээри азырынча белгисиз. Себеби ага азырынча оор кызматтык иштерди аткарууга болбойт. Балким жеңилирээк кызмат берилиши мүмкүн.

Эске салсак, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында Самат Курманкулов башынан оор жаракат алып, комага түшкөн. Курманкуловго эки ирет операция жасалган соң, 12-августта Москвага дарылануусун улантуу үчүн алып кетишкен.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *