Чүй облусунда турак үйдөн өрт чыгып, үй ээси каза болду

Мезгил

Өлкө аймагында бир күн ичинде 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан  билдиришти. 

Маалым болгондой, Чүй облусунун Комсомол көчөсүндө жалпы аянтты 40 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 89 жаштагы үйдүн ээси У.П., аттуу эркек киши каза болгон.

Жалал-Абад облусундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 263-чакырымында “Тойота-Альфард” үлгүсүндөгү унаа күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

Ал эми, Баткен аймагынын Давыдов көчөсүндө турак үйдүн 2 чарчы метр жыгач полу жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *