Чүй ОИИББдин жетекчиси Самат Курманкуловдун абалы айтылды

Мезгил

Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборунда дарыланып жаткан Чүй ОИИББдин мурдагы башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Ошондой эле Курманкуловду Москвага саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коштоп барган.

Эске салсак, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында Самат Курманкулов башынан оор жаракат алып, комага түшкөн. Курманкуловго эки ирет операция жасалган соң, 12-августта Москвага дарылануусун улантуу үчүн алып кетишкен.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *