Чүй ОИИББнын башчысы С.Курманкуловду дарылоого Москвага алып кетишти

Мезгил

Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловду дарылоону улантуу үчүн Москвага алып кетишти. Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков Курманкуловдун дагы эле комада жатканын малымдады. .

Ошондой эле 11-августта Бишкекке Москвадагы Бурденко борборунан нейрохирург жана реаниматолог чакыртылып, алардын катышуусу менен консилиум өткөрүлгөн. Жыйынтыгында Курманкуловго кайрадан нейрохирургиялык операция жасоонун кереги жок экенин белгилешкен.  

Белгилей кетсек, бейтаптын дарылануусун мындан ары Москвадагы Бурденко атындагы Нейрохирургия борборунда улантылат.

Самат Курманкулов 7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жаракат алган.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *