Чөп чай 99 ооруга дарыбы?

 
Чай чөп
99 ооруга дарыбы?

Эл ичинде бул өсүмдүктү токсон тогуз ооруга дары деп коюшат. Унсуз нан жасалбаган сыяктуу эле, чай чөпсүз да дарылар жасалбайт. Чай чөп байыртадан бери келаткан калк кадырлаган дары өсүмдүгү. Иликтеп көргөндөр аны XVII кылымдын башында эле дарылыкка пайдаланышканын аныкташкан.
Бул чай чөбүн азыр, негизги массасы аябай гүлдөп турган июнь-июль айларында жыйнап алышат. Өсүмдүктүн тамырына катуу сабагын калтырып, гүлдөп турган үстүн орок же бычак менен кесип алышат. Кол менен деле үзүп алса болот, бирок анын тамырына зыян келтирбегенге аракет кылыш керек. 

Жыйнап алынган чөптү көлөкөдө, жука жайып, же эки-үч сабактан бириктирип, тутамдап жипке байлап кургатышат.
Чай чөптүн ширеси жүрөктүн иштешин жакшыртып, кан басымын төмөндөтөөрү аныкталган. Чай чөп өсүмдүгүнүн майдаланган 10 г. тыпынын 200 г. сууга ширелентет. 1 аш кашыктан күнүгө 3-4 маал ичишет. Узак убакыт ичкенден тери дүүлүгүп, майда-майда нерсе чыгып кетиши мүмкүн.
Чай чөп күндүн жарыгына сезгичтикти күчөткөн өсүмдүктөргө киргендиктен, ак саргыл чачтуу ак жуумал кишилер, өзгөчө балдар аны дарылыкка ичүүгө сунуш кылынбайт. Чай чөптүн жемишин эмес, гүлдөгөн жагын гана кесип алып, кургатуу керектигин эске салабыз.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *