Чаткалга тажияга барган 13 адам ал жерден коронавирус жуктурган

  Мезгил

  Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал курчуп жатат. Бул тууралуу бүгүн онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди:

«Ал жак жабык турган, алыскы район. Бир тажия болуп, ошол жерге адамдар барган, Бишкектен да барыптыр. Коронавирус менен ооругандардын барып калышы элдин арасында инфекцияны жайылткан. Бир себепке байланыштуу 13 учур катталды. Бүгүн ошол жакка барган, катышкандардын баарынын аты-жөнүн, жашаган жерин тактап чыгып, көзөмөлгө алып жатабыз».

Бүгүнкү күнгө карата Жалал-Абад облусунда коронавирус 132 адамдан табылды.

Белгилей кетсек, жалпысынан 7-майга карата Кыргызстанда коронавирус 895 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 637 бейтап айыгып чыкты.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *