Чеченстанда жок кылынган Сириядан келген топтун арасында Кыргызстандын жараны болгон

Мезгил. 

Кечээ, 16-сентябрда Чеченстан менен Ингушетиянын чегарасында Россиянын гвардиясы менен бандиттердин кагылышуусу болду.

Россиялык басылмалардын жазганына караганда, кагылышуунун жыйынтыгында, үч бандит өлтүрүлгөң. Ал эми күч кызматкерлеринин арасында жабыр тарткандар жок. Жок кылынган бандиттер Сирияда согушуп келгени маалым болгон.

Алар жайгашкан жерден кол менен жасалган жардырылуучу жабдык, үч Калашников автоамы табылган. Андан тышкары гранаталар, тамак-аш, дары-дармек жана үч уктоочу мүшөк да болгон.

Өлтүрүлгөн жарандардын аты-жөнү белгилүү болду. Анын бири кыргызстандык экени да маалым.

Россиялык басылмалар кагылышуудан 1983-жылы төрөлгөн Анатолий Хаджиев, 1986-жылы туулган Ош шаарынын тургуну Осмонжон Кочкоров, 1992-жылы туулган Мовсар Алеров өлгөнүн жарыялашты.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *