Чек ара кызматынын калпы, же Мабеталиев белегин кайрып алабы?

  Мезгил

Эркин Мабеталиевдин Чек ара кызматынын Баткендеги өкүлдөрүнө 2 брондолгон жолтандабас белек кылгандыгы тууралуу видео материал тараган. Муну Чек ара кызматынын жетекчилери, ИИМ да Мабеталиевден эч кандай белек алган эмеспиз деп караманча танып келген. Көрсө 2 жолтандабастын Баткендеги чек ара кызматкерлерине белек катары берилгени чын экен. Муну Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы болуп иштеген Эркин Мамбеталиев өзү ЖМК өкүлдөрүнө ырастап берди. Ошондой эле Мамбеталиев бул окуяны саясатка аралаштырбоону суранган.

– Бул идеяда эч кандай саясий түрткү болгон эмес. Мен аскер адамымын. Мурдагы аскер кишилери болбойт деп коет го. Кыргызстан дуушар болгон ар бир көйгөйдү мен жүрөгүм менен кабыл алам. Сапардан келип, кырдаалды көргөн соң биринчи келген ой «Кантип жардам бере алам?» деген ой болду. Машинелер ак түстө болчу. Мен унаалар кийин бир аткаминердин короосунда токтоп калбасын деп, аларды хаки түсүнө кайра боётууну сурандым. Пиар кылайын десем, камералар менен кишилерди чакырып, белекти расмий түрдө берет элем да. Биз ал жакка баргыча 1.5 тонна күйүүчү май короттук. Бир унаанын салмагы 5 тоннадай. Жол тандабастар брондолгон – B7 үлгүсүндө. Ал СВД броня тешүүчү окторду гана көтөрөт. Асты менен дөңгөлөктөрү да брондолгон. Эгерде дөңгөлөктөрүн тешип кетсе, ичинде атайын компрессор бар, ал дөңгөлөктү 5 пробоинага чейин өзү толтуруп, 15 км чейин айдап барса болот. Чек арачыларга бул соот сыяктуу эле. Менде ал тууралуу лаборатиялык сыноолордун кагазы да бар.

Мен Чек ара кызматына болгону бул унааларды тапшырып коюшум керек эле. Анан саясат башталды. Кээ бирлер мени күч органдарынын көздөрүнө «көрүнүп», ал жерге наркотрафик орнотууну каалаганымды жазып жиберишти. Ушундай кантип болсун эми? Көрсө элдин фантазиясы өтө терең экен.

Эгер чек арчылар белектен баш тартчу болсо, анын жарасы жеңил, башкаларга деле белек кылып берип коем. Эгерде өздөрү кайтарса, мейли. Бирок мен өзүм кайра алышым арам болуп калат. Унааларды алгандан намыстанбай, кубанып алчулар чыгат деп ойлойм. Бул жерге саясатты кошуунун кереги жок болчу – дейт Эркин Мабеталиев.

Ошентип Чек ара кызматынын Эркин Мабеталиевден эч кандай белек алган эмеспиз деген калпы ашкере болду. Чындыгында брондолгон, ок өтпөс жолтандабастар чек арага керек. Аны сатып алганга мамлекеттин чөнтөгү жука. Ал эми ошол эле чек ара кагылышы чыккан Максат айылынын талаш болгон стадионунун ылдый жагында мыйзамсыз үй куруп алган тажик жарандарынын көчөлөрүн кечинде тажик БТРлери аралап жүргөндүгү тууралуу видео тасмалар тарап жатат. Кошуна Өзбекстан болсо эбак эле АКШнын брондолгон атайын техникалары менен аскерлерин жабдыган. Араванда Керкидан чек арасын тосо баштаган учурдагы кыргыз жарандары тартып алган сүрөттөрдөн ал брондолгон аскер техникларын көрүүгө болот. 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясы учурунда Россияда иштеп жүргөн патриот ишкер жигиттерибиз караңгыда көрсөтүүчү приборду белекке сатып берип, жоокерлерге пайдасын тийгизбеди беле. Эми Мабеталиев кыргыздын жараны болуп туруп, чек арачыларга чопкутталган машине белек берип жатса, аны неси жаман экен? Сасыган саясаттын сазынан качан суурулуп чыгар экенбиз?

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *